Жарым миллиондук мүлкүн сатуучуга таштап кеткен кытайлык карыя

Карыя өмүрүнүн соңунда багар-көрөрү жок жалгыз калганда, ага сатуучу кам көрүп жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кытайда бардык мүлкүн ага жардам берген адамга таштап кеткен карыянын окуясы коомдо кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.
Кытайлык багар-көрөрү жок Ма аттуу карыя жалгыз жашап келген. Ага мөмө-жемиш саткан киши жардам берип, ооруканага чейин барып каралашып турган. Мындан улам карыя ага жардам берген адам менен келишим түзүп, сатуучу карыяны өмүрүнүн аягына чейин кам көрө турган болгон. Ал эми карыя ага 460 миң долларлык мүлкүн калтырууга убада берген.
Кызыгы, Манын байлыгын уккан үч карындашы мурасты талашууга аракет кылган. Сот бардык жагдайды билгенден кийин карыянын байлыгын сатуучуга калтыруу чечимин чыгарган.
Жан айласы... Муунта орогон жыланды тиштегилеп өлтүргөн филиппиндик киши