БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы 2024-жылы менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал узап бара жаткан жылда эки өлкө ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеген.
"Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтык чыңдалды. Энергетика, өнөр жай, транспорт инфраструктурасы, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылды. Көп кырдуу өз ара кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана келечектүү демилгелерди ишке ашыруу Россия менен Кыргызстандын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берерине ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Мишустин Жапаровго ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган.