Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде эки кыргызстандык балбан кыз 1-сапка чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы жыл жыйынтыгы боюнча Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу уюмдун соцтармактагы баракчасына жарыяланды.
Рейтинг дүйнө чечмпионатындагы, континенталдык чемпионаттагы, Азия жана Панамерикалык оюндардагы, ошондой эле United World Wrestling (UWW) рейтингдик төрт турнирдеги жыйынтыктардын негизинде түзүлгөн.
Айсулуу Тыныбекова эң жогорку тепкичке 62 килограмм салмак категориясына чейинкилер арасында чыкты. Ал эми Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакка чейинкилер ичинде мыкты аталды.
Кыргызстандык спортчулар быйыл 812 медаль утуп сүйүнттү