"Манастан" кыргыз дасторконунда деңиз жаныбарлары болгонун билүүгө болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, кыргыздар балык жебегени тууралуу пикир жаңылыш болушу ыктымал.
"Манаста "асыл кыям" деген жаныбардын аталышы кездешет. Бул эпосто деңиз жаныбары катары сүрөттөлгөн. Ал эмне деп суроо салсак, тасмалардан кездешип жүргөн кадимки спрут. Адатта кыргыздар балыкты "суунун курту" деп жебегени айтылып жүрөт. Бирок "Манастагы" окуялардан улам мындай пикирге кошулбай койсо болот. Себеби Сагынбайдын вариантында Кошой кан көк киттин, азыр форель делип жүргөн гилиңгирдин этинен алдырып жеп жүргөндүгү айтылат. Ошол эле окуяларды толук окуганда кыргыздардын туура тамактануу эрежелери менен таанышууга болот. Мына ошол жерде дал ушул "асыл кыям" сүрөттөлүп, бул сөздү бир нече окуяда кездештирүүгө болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал эпостогу жаныбарлардын аталышын илимде пайдаланууга болорун кошумчалады.