БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аймактык реформаны Ысык-Көл облусунда дагы жүргүзүү пландалууда. Тагыраагы, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейтилет.
Жарлыкка ылайык, аталган шаарларга төмөнкү айыл аймактары кошулмакчы:
Чолпон-Ата шаарынын курамына Бостери айыл аймагы;
Каракол шаарына Челпек айыл аймагы;
Балыкчы шаарына Көк-Мойнок айыл аймагы.
1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды.