БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкектин коммуналдык кызматтары үчүн Россия менен Беларустан техникалар сатып алынды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Борбор калаага "Беларусь" тракторлорунун жана "Кургандормаш" компаниясында (Россия) өндүрүлгөн кичи жүктөгүчтөрдүн биринчи партиясы келди.
Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев тротуарларды тазалап жетишпей жатышканын айткан. Мындан улам ал мэрия 125 миллион сомго кар тазалоочу техника алынарын кабарлаган.