Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгородго жасалган соккудан 22 адам каза болду. Россия бийлигинин реакциясы

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Белгород шаарына жасаган соккусунан 22 адам каза болду, анын үчөө — жаш балдар. Бул туурасында региондун губернатору Вячеслав Гладков билдирди.
Кечээ, ишембиде, украин аскерлери Белгороддун чок ортосун аткылаган. Анын кесепетинен 30 көп кабаттуу үй, 344 батир, үч жер там жана мектеп, лицей, бала бакча сыяктуу бир нече социалдык объект жабыркаган.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинанын соккусун террордук акт деп атады. Мындай чабуул тандалбай жана комбинациялык түрдө алдын ала пландалып жасалды деген пикирин айтты. Ал жай тургундар жашаган шаарды аткылоо Зеленскийдин агония режиминин анык далили экенин белгиледи. Небензянын айтымында, Киев Москвага канчалык кооптуулук жаратса, Россия ошого жараша катаал чараларды көрөт.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров украин режиминин кылмышкерлеринин ар бирине адилеттүү жооп берүү күнү келерин билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Белгородго кол салып, 14 кишини өлүмгө учураткандар жазасыз калбайт