Акыйкатчынын орун басары каза тапты. Ал 39 жашта болгон

Маркумдун артында жубайы, эки уулу жана эки кызы калды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Шухрат Айтиев каза тапты. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.
39 жаштагы Айтиев бүгүн Бишкектеги ооруканада көз жумган. Маркумду жерге берүү тажиясы эртең, 1-январда, саат 13:30да Жалал-Абад шаарында болот.
Айтиев акыйкатчынын орун басары болуп 2023-жылдын июнь айында дайындалган. Буга чейин Жалал-Абад облусунун журналистика борборунун директору, Жогорку Кеңеште сектор башчысы,Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору болуп эмгектенген.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана институттун жалпы жамааты маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

"Бул оор жоготуу. Шухрат Айтиев боорукер жана ак көңүл адам катары эсибизде калат. Ал мыкты юрист катары адам укуктарынын корголушуна чоң салымын кошуп кетти", - дешти институттан.

Маркумдун артында жубайы, эки уулу жана эки кызы калды.
Ошто 18 жаштагы жоокер кокусунан чыккан октон көз жумду