Россия жетекчилер үчүн кайра даярдоо программасын баштады. Окуу шарты

Курс 7 айга созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Россиядагы Президенттик академиянын мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби (РАНХиГС) жетекчилер үчүн "Мамлекеттик башкаруу адиси" программасына кабыл ала баштады. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") маалымдады.
Окутууга КМШ өлкөлөрүнүн жарандары катыша алат.
"Тренингдер 2024-жылдын март айында башталат. Программа 5 модулдан туруп, окутуу 7 айга созулат. Бардык катышуучулар кесиптик кайра даярдоо боюнча диплом алышат", — деп айтылат маалыматта.
Курска катышуу үчүн толук маалыматты окуу жайдын сайтынан алсаңыз болот.
Аталган программа экинчи жылы өтүүдө. Былтыр ага 7 өлкөдөн 60 жетекчи катышкан.
Иш издеп жүргөндөр үчүн акысыз курстар дагы эле уланууда. Шарты