Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Asia Times: АКШ Россия менен эпке келүү үчүн Зеленскийди садага чабышы мүмкүн

Украина президенти Владимир Зеленский
Макала авторунун айтымында, Вашингтон жакын арада Москва менен тынчтык тууралуу сүйлөшүү зарыл деген чечим чыгарышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. АКШ Украина Куралдуу күчтөрүнүн ийгиликсиз кадамдарынан улам өлкө президенти Владимир Зеленскийди алмаштыруу чечимине келиши мүмкүн. Бул тууралуу Asia Times баяндамачысы Стивен Брайендин макаласында айтылат.
"Украин армиясынын дегеле жолу болгон жок. Фронттук линиянын дээрлик бардык жеринде жеңилип жатат. Орустар украиндерди Донбасстагы стратегиялык пункт болгон Марьинкадан сүрүп чыгарып, Бахмуттун айланасындагы айыл-кыштактарды тазалоодо", — деп жазган эксперт.
Журналисттин айтымында, украин аскерлерли россиялык армиянын чабуулуна туруштук бере албай акыры чегинет, болбосо таш-талканы чыгат. Брайен АКШ бийлиги жакынкы күндөрү Россия менен эпке келиш керек деген чечим чыгарышы мүмкүн, бирок буга сүйлөшүүдөн баш тарткан Зеленский жолтоо экенин белгиледи.
"Анда АКШ кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар деп Украинада мамлекеттик төңкөрүш жасап, Зеленскийди орустар менен сүйлөшүүгө даяр саясий же аскерий лидер менен алмаштырышы мүмкүн", — деп жазылат макалада.
Украинанын президенти Владимир Зеленский
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Зеленскийдин дүйнө менен диалог куруу жөндөмү жок калганын айтышууда