Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Белгородго кол салып, 14 кишини өлүмгө учураткандар жазасыз калбайт

108 адам жаракат алган, анын 15и — балдар. Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Белгород шаарына чабуул уюштуруп, 14 кишинин өмүрүнө забын болгондордун баары сөзсүз жазаланат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, бүгүн Украинанын Куралдуу күчтөрү Белгороддун борбордук бөлүгүн аткылап, анын кесепетинен 14 киши көз жумган. Арасында бир бөбөк бар экени айтылды. Мындан тышкары, 108 адам жаракат алган, анын 15и — балдар. Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон.

"Киев режими кайрадан адамдыкка жатпаган нацисттигин көрсөттү. Кайрадан кандуу кылмышка барып, жай тургундарга кол салды. Белгородго чабуул жасап, аны ишке ашыргандар жазасыз калбайт. Теракт — БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланчу маселе", — деди ТИМ өкүлү Мария Захарова.

Ведомство бардык өкмөттөрдү жана тармактык эл аралык структураларды Белгороддун аткыланышын кескин сындап, Киев бийлигинен оолактоого чакырды.
Кол салууга дуушар болгон калаага өлкөнүн саламаттык сактоо министри Михаил Мурашка башында турган бригада чыгып кеткен. Мындан тышкары, ӨКМдин тобу жүрөт.
Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү чачырама огу жана чехиялык Vampire системасы бар "Ольха" ракеталары менен чабуул койгонун билдирди. Абадан коргонуу каражаттары ракеталардын көбүн жарактан чыгарган, анткен менен атып түшүрүлгөндөрүнүн кассеталык бөлүктөрү шаарга тийген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Туура эмес жолго түштү. Радада Зеленскийдин олуттуу катасын моюндашты