Владимир Путин Садыр Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

РФ лидери Бишкекте октябрда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин чет өлкөлөрдүн башчылары менен өкмөт жетекчилерин куттуктап, анын тексти Кремлдин сайтына жарыяланды.
РФ лидери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго да кайрылып, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилесин жогору баалаган. Өз куттуктоосунда ал Бишкектеги октябрь айында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасына оң баа берген.
"Макулдашууларды ишке ашыруу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, КМШ, ошондой эле башка структуралардын алкагындагы кызматташууну илгерилетүүгө өбөлгө болот", — деп айтылат текстте.
Путин: ЖККУ алкагында чогуу иш алып баруу өлкөлөр ортосунда ынтымакты бекемдейт