БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, Бишкек менен кошо Ош шаары дагы кеңейтилет. 1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды.
Ош шаарына Кара-Суу районунун чектеш аймактары кирет:
Туран муниципалдык аймактык башкармалыктын базасында Алымбек-Датка;
Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик тилкелери кошулуп Манас-Ата;
Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыктары.