Кыргызстандык спортчулар быйыл 812 медаль утуп сүйүнттү

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Узап бараткан 2023-жылы Кыргызстандын спортчулары жалпысынан 812 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Республиканын капчыгына түшкөн медалдардын 258и — алтын, 241и — күмүш жана 313ү коло болду.
Быйыл өлкөдө 206 — эл аралык, 285 — республикалык, 301 — облустук, 570 — райондук жана 359 шаардык спорттук-массалык иш-чаралар өткөн.
Мындан тышкары, кыргызстандык спортчулар 254 эл аралык мелдешке катышты.
Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды