РКӨФ 2023-жылы рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Жыл жыйынтыгы

Фонд акыркы үч жылда 265 миллион доллардан ашык инвестиция жасады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 2023-жыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду үчүн бардык көрсөткүчтөр боюнча рекорддук жыл болду. Бул тууралуу уюм билдирди.
Маалыматта фонддун тарыхында биринчи жолу бекитилген бюджет дээрлик 30 пайызга ашык аткарылганы айтылат. Тагыраагы, пландалган 128 миллион доллардын ордуна 160 миллион долларлык долбоорлор каржыланган.
"Бул жылы фонддун иштеп жаткандан берки каржылоо көлөмү боюнча рекорддук көрсөткүч болду жана мурунку жылдардагы көрсөткүчтөр эки эсеге көбөйдү", — деп билдиришти уюмдан.
Акыркы үч жылда фонд Кыргызстандын экономикасына 265 миллион доллардан ашык инвестиция салган. 2023-жылы РКӨФтүн колдоосу менен 20дан ашык ири долбоор ишке кирген. "Терек-Таш" ЖЧКсынын цемент заводунун, Куланак ГЭСинин курулушу сыяктуу ири долбоорлор башталды.
Фонд жалпы кубаттуулугу 161 мегаватт болгон ГЭСтерди куруу боюнча сегиз долбоорду каржылайт. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жаатында да долбоорлор ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, быйыл 1 750 орундуу беш окуу жайы ишке киргизилген. Кызыл-Кыя менен Таласта заманбап медициналык диагностикалык борборлор, Бишкекте балдардын кардиохирургиялык клиникасы ачылды.
Чүйдө жылына 1,7 млн. тонна цемент чыгарган завод курулууда