"Чек талап кылып, байге утуп ал!" Бишкектен батир утуп алгандар аныкталды

Буга чейин смартфон, ноутбук жана башка байгелердин ээлери белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп!" лотереясынын II этабы соңуна чыгып, бүгүн 10 жаңы батирдин ээлери аныкталды.
Эскерте кетсек, лотерея 25-декабрдан бери ойнотулуп келди. Буга чейин iPhone 14 үлгүсүндөгү 521 телефон, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулган. Ал эми бүгүн түз эфирде Бишкекте жайгашкан 10 батирдин, 11 электромобиль жана чет өлкөгө төрт жолдомонун ээлери аныкталды.
Экинчи этапта жалпы жонунан "Салык чек" тиркемеси аркылуу 18,7 миллиард сом суммасында кассалык чек сканерленген. Ага 400 миңден ашуун кыргызстандык катышып, жалпысынан 1 242 байге коюлганы айтылды.
Салык чек лотереясынан уткан 51 адамдын байгеси жокко чыгарылды. Тизме