Бишкек шаарына кошула турган айыл жана конуштардын тизмеси жарыяланды

Бишкек шаарынын тегерегиндеги айылдын көрүнүшү. Архив
Бишкектин курамына айыл аймактар, айылдар, жаңы конуштар жана Аламүдүн менен Сокулук райондорунун участкалары кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Реформаны Бишкек шаарында дагы өткөрүү пландалууда. 1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды.
Жарлыкта Бишкектин курамына төмөнкүдөй айыл аймактары, айылдар, жаңы конуштар, ошондой эле Аламүдүн менен Сокулук райондорунун участкалары киргизилет деп белгиленген:
Аламүдүн, Маевка, Пригородный, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка жана Көк-Жар айыл аймактары;
Алтык-Казык, Анар-Бак, Ак-Жар, Нуркожо-Ата жана Адилет жаңы конуштары;
Орто-Сай, Мыкан айылдары жана 544, 545, 552 контурлары;
Орок жана Новопавловка айыл аймактары;
Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылындагы 177-контур кирет.
Аталган айыл аймактардын жайыт жерлери Бишкектин карамагында болбойт.
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү. Архив
Мэр: Бишкек шаарынын аянты үч эсе кеңейип, четиндеги айрым айылдар кошулат