БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. АКШ Түштүк Кавказды Москвага каршы “экинчи фронт” ачуу үчүн карап жатат. Бул туурасында Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
“Вашингтон көптөн бери Түштүк Кавказды Россияга каршы “экинчи фронтту” ачуучу аймак катары карап жатканын жашырбай келет”, — деген ал маегинде.
Дипломаттын айтымында, “мунун баары региондогу элдин чыныгы кызыкчылыгына түп-тамырынан карама-каршы келет”.
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Армения Батыштын “сунушу же түрткүсү менен” өзүнүн тышкы саясатын түп-тамырынан өзгөртүү ниетин көрсөтүп жатканын белгилеген. АКШ менен Евробиримдиктин максаты “Россияны Түштүк Кавказдан сүрүп чыгаруу” экенин белгилеген.
Өткөн жылы Ереван менен Баку Россия, АКШ жана Евробиримдиктин ортомчулугу менен келечектеги тынчтык келишимин талкуулай баштаган. Ушул жылдын май айынын аягында Пашинян Ереван Азербайжандын советтик чек аралардагы, башкача айтканда, Карабах менен бирге эгемендигин таанууга даяр экенин билдирген. Алиев Ереван позициясын өзгөртпөсө, Азербайжан менен Армения тынчтык келишимине жылдын аягына чейин кол коюлушу мүмкүн экенин айткан.