БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.
Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс — улуу Манастын тотемдик жаныбары.
Жарлыкта ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жана коргоо максатында бир катар чаралар камтылган.
"Кыргызстан жапайы жаратылышты коргоо боюнча глобалдык программалардын активдүү катышуучусу болуп саналат. Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык экологиялык коомчулуктун колдоосу менен Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы бир добуштан кабыл алынган. Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасы (The Global Snow Leopard and Ecosystem Protection – GSLEP) жактырылган", — деп айтылат маалыматта.