БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жекшембиде күндүз жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Таласта 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө -2...+3 жана Нарында -2...-7 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +4...+6 жана Ош шаарында +6...+8 градусту көрсөтөт.