БИШКЕК, 29-дек. – Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тынчтыкты сактоо иши тууралуу макулдашууга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндөгү протокол ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Документке 2017-жылдын 16-сентябрында Тажикстандын Душанбе шаарында кол коюлган.
"Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "ЖККУнун тынчтыкты сактоо иши тууралуу макулдашууга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндөгү протоколду ратификациялоо боюнча" мыйзамга кол койду", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Максаты — протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу.
Протоколдо макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ага ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты колдоо боюнча операцияларында атайын күчтөрдү колдонуу үчүн ЖККУнун жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрү координациялоочу мамлекеттин эгидасы астында түзүлөт.
Ошондой эле тынчтыкты сактоочу контингенттерди ЖККУнун жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнө киргизүү маселелери координациялоочу мамлекет менен ЖККУнун башка мүчө мамлекеттеринин ортосундагы эки жана көп тараптуу макулдашуулар менен жөнгө салынат.
Мындан тышкары, ЖККУнун ар бир мүчө мамлекети өзүнүн катышуусу жөнүндө ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине маалымдоо менен БУУнун мандаты боюнча тынчтыкты сактоо операцияларына катышуу үчүн өзүнүн тынчтыкты сактоочу контингенттерин жиберүүгө укуктуу.