БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жылга жакын көпчүлүк үй-бүлөлөр үй ичине балаты орноторун эске алуу менен анын коопсуз болушу керектигин эскертти.
Коопсуздук үчүн сактала турган эрежелер:
балатынын бутактарын дубалга жана шыпка тийгизбей бекем орнотуу зарыл;
пахта, кагаз, синтетика сыяктуу тез күйүп кете турган буюмдар менен жасалгалоого тыюу салынат;
электр гирляндалары заводдо жасалган жана бузук болбошу керек. Мисалы, жылытуу зымдары, учкун чыгаруучу, жаркыраган жарыктарында сынык жерлер, бузуктар болбогонуна көңүл буруңуз;
Гирляндалар көчө жана үй үчүн болуп бөлүнөт, алар ошого ылайыкташат;
балатынын жанында от шамдарды жана пиротехникалык заттарды колдонбоңуз;
балдарга жарыктандырууну өз алдынча күйгүзүүгө жол бербеңиз;
үйдөн чыкканда электр түйүнүнө туташтырылган электр гирляндасын сайган бойдон калтырбаңыз;
жука айнектен жасалган оюнчуктарды алуу сунушталбайт. Алар оңой сынат, сынганда өтө майдаланып денеге зыян алып келиши мүмкүн.