Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рада депутаты: АКШнын Украинага берген жардамы согуш тааласындагы абалды өзгөртпөйт

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. – Sputnik. Американын Украинага берген жаңы аскердик жардам пакети согуш талаасындагы абалды өзгөртпөйт жана Киевди колдоодо АКШнын көйгөйү бар экенин көрсөтүп койду. Бул тууралуу Жогорку Раданын улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгын маселелери боюнча комитетинин төрагасы Егор Чернев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул анча чоң эмес жардам пакети Киевди колдоодо АКШнын көйгөйү бар экенин көрсөттү... Биз маселе убактылуу деп эсептейбиз жана жакынкы аралыкта чечилет деген ойдобуз", - деди ал америкалык Washington Post гезитиндеги интервьюсунда.
Черневдин айтымында, бул жардам пакети согуш талаасындагы абалды Украинанын пайдасына өзгөртө албайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ элчиси АКШнын Украинага берчү кезектеги жардамы тууралуу айтты