УКМК күрөөкана тармактарынын биринин жетекчисине айып такты

Бир нече күн мурда УКМК төрагасы күрөөканалардын ишине нааразычылыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы күрөөкана тармактарынын жетекчиси мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүүгө айыпталып жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Кылмыш иши салыктарды жашыруу жана лицензиялык талаптарды бузуу фактысы боюнча козголду.
"Иштин алкагында борбор калаадагы күрөөкана тармактарынын директору Д. А. Бга айып тагылды. Учурда тийиштүү ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", – деп айтылат маалыматта.
УКМК күрөөканаларга салыктык жана лицензиялык эрежелерди бузууга, мыйзамсыз киреше табуу үчүн жогорулатылган пайыздык чендерди коюуга жол берилбей турганын эскертти. Мындай учурлар катталган кезде катуу чара көрүлөт.
Бир нече күн мурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев күрөөканалар жылдык үстөк пайызы 30%дан ашпаган каражат бериши керектигин билдирген. Бишкек менен Чүйдөгү күрөөканалар пайыздык чендерди төмөндөтүү милдетин алышкан.
Ташиев Улуттук банкты күрөөканалардын ишин текшерүүгө чакырды