БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте каршы тилкеге чыгып кооптуу абал жараткан 212-автобустун айдоочусунун видеосу тараган. ЖКККББдан ал аялга 15 миң сом айып салынганын билдиришти.
Жол эрежесин одоно бузган айдоочуну айыпка Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жыккан.
"Айдоочунун мындан ары каттамда иштээр-иштебеси азырынча белгисиз. Бул маселени Бишкек мэриясынын тартиптик комиссиясы карап жатат", — деп билдиришти маалымат кызматынан.