БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 30-декабрда "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын башкы байгелерин ойнотот. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Эртең 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.
Утуштар УТРК жана "Ала-Тоо 24" каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы — саат 15:00.
Эскерте кетсек, 25-29-декабрда 1 219 баалуу байге ойнотулду.