Украинадагы чатак — Батыштын Россияны алсыратууга багытталган максаты. Бул тууралуу Жеңишбек Байгуттиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурунда Украинадагы жоготууларды болтурбоого мүмкүнчүлүк болгон.
"Украинада атайын аскердик операциянын жүрүп жатканына эки жылдай болуп калды. Башында эле Россия Украинаны басып алууга аракет кылбаганы белгилүү болчу. Себеби андай максат коюлса 140 миң адам менен атайын аскердик операция баштамак эмес. Ортодо сүйлөшүүлөр болуп, макулдашууга аз калганда ошол кездеги Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон каршы чыгып, натыйжада Украина тарап макулдашууга кол койбой койду. Учурунда бул макулдашуу болгондо 400 миңге чукул украин аскери кайтыш болбойт эле. Бул жерде Батыштын негизги максаты Россияны алсыратуу экени белгилүү болуп калды. Анткени учурунда НАТО Чыгышка карай бир дюйм дагы жылбай турганын оозеки убадалаган. Бирок бул келишимде жазылган эмес деп убадасын аткарган жок. Эки жылда Россия атайын чараларды көрүп экономикасын аскердик мезгилге ылайыктады. Ал эми Украинанын экономикасы чабал болуп Батыштан көмөк алып турду. Натыйжада Россиянын абалы фронтто туруктуу, ал эми Украинаныкы начар. Алардын контрчабуулу керектүү натыйжа берген жок. Европада айрым өлкөлөр Украинага финансылык жардам берүүгө каршы чыгып жатат", — деди Байгуттиев.
Ошондой эле ал Батыш азыркы умтулуусун өзгөртпөсө дүйнөдө чоң апаат болуп кетиши ыктымал экендигин кошумчалады.