Мамлекеттик ипотекалык компания ушул жылы 2,9 миллиард сомго 1 366 ипотекалык насыя берди. Бул тууралуу Амантур Омуров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо" программасы боюнча аймактарда 1 миллиард 350 миллион сомго ипотекалык насыя берилип, 670 үй-бүлө турак жайлуу болду.
"Мамлекеттик ипотекалык компания ушул жылы 2,9 миллиард сомго 1 366 ипотекалык насыя берди. Ал эми "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында жалпы 9,1 миллиард сомго 3 902 насыя алынды. Кредиттердин орточо суммасы 3 миллион сомду түзүп, 4 пайыздык чен менен 25 жылга чейин төлөөгө болот. Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо" программасы боюнча аймактарда 1 миллиард 350 миллион сомго ипотекалык насыя берилип, 670 үй-бүлө турак жайлуу болду", — деди Омуров.
Ошондой эле адис МИК быйыл банк аркылуу ипотекалык насыя берүүнү токтотуп, каражатты курулушка жумшоонун натыйжасында куруу иштери тез жүрүп жатканын кошумчалады.