УКМК базарлардагы соодагерлерден негизсиз акча чогултууга бөгөт койду. Чоо-жайы

Соода комплекстеринин жооптуу адамдары кыш мезгилинде жылытуу каражаттарын колдонууга уруксат берүү үчүн 100 доллардан 300 долларга чейин акча чогултушканы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. УКМК базарлардагы соодагерлерден негизсиз акча чогултулган учурларды каттап, мындай жосунсуз аракеттерге бөгөт койгонун кабарлады.
Маалыматта "Дордой", "Ак-Суу", "Алкан" жана "Кербен" соода комплекстеринин жооптуу адамдары кыш мезгилинде жылытуу каражаттарын колдонууга уруксат берүү үчүн 100 доллардан 300 долларга чейин акча чогултулуп жүргөнү белгилүү болгону айтылат. Ал эми ага макул болбогон базарчылар айып пулга жыгылып турган.
"Акча бербегендерге жылыткыч жана кондиционер колдонууга тыюу салынган. Администрациядан "уруксат" алгандан кийин гана аппараттарды колдоно алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин базар жетекчилери жылытуучу шаймандарды пайдалангандыгы үчүн ишкерлерден акча чогултууну токтотууну, ошондой эле бардык соодагерлерге эң ыңгайлуу шарттарды түзүүнү убада кылышкан. Мындан тышкары, мыйзамсыз акча чогулткан базар администрацияларынын кызматкерлерин иштен четтетүү боюнча чечим кабыл алынганы кошумчаланды.
УКМК: Бишкектеги 120 күрөөкана үстөк пайыздарын төмөндөтөт