БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда бир нече адам россиялык инвестордун өтө көп суммадагы акчасын тартып алды деп шектелип жатканын УКМКдан билдиришти.
Маалыматта алар ошол кездеги криминалдык төбөл Камчы Асанбектин кылмыштуу байланышынан пайдаланышкан деп айтылат.
"2018-жылы Россиянын жараны Р.Д.А. "Айсео" ЖЧКсы (иш жүзүндөгү ээлери Кыргызстан жарандары О.Б.А. жана А.К.Т.) менен стратегиялык өнөктөштүк келишиминин алкагында 14,0 миллион доллардан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көлдө коттедж шаарчасын курууга жумшаган. Бирок Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедж шаарчасы курулгандан кийин Р.Д.А., О.Б.А. жана А.К.Т. аттуу адамдар кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев – ред.) кылмыштуу байланышынан пайдаланып, күч колдонуп зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, инвестордун мүлкүн жана акча каражаттарын ээлеп алып, аны Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан", — деп билдиришти УКМКдан.
Ведомстводон "Айсео" ЖЧКсынын ээлери О.Б.А., А.К.Т жана башкы эсепчи А.Н.К. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалашты.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров чет элдик инвесторлорду алдап кетүүнү токтотуу тууралуу кайрылуу жасаган.