Радио

Мамытов: Россия менен сүйлөшүүгө тыюу салуу — Украинанын эң чоң катасы

Коопсуздук жаатында эксперт, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Украинадагы абалды чечүү жолдору тууралуу айтып берди.
Sputnik
Украинага каржылык көмөк барган сайын азаюуда, мындан дагы азайышы ыктымал. Бул тууралуу Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүндө Украинага жардамды токтотолу деген күчтөр колдоого ээ болууда.
"Учурда Украинанын абалы абдан оор. Батыш өлкөлөрү буга чейин каржылык, аскердик көмөк көрсөтүп келди. Азыркы тапта Европада Украинага жардам бербей согушту сүйлөшүү жолу менен чечүү керек деген күчтөр колдоого ээ боло баштады. Демек, сүйлөшүү процессине өтүүгө мезгил келди. Азыр украин жетекчилиги Россия менен сүйлөшүүгө тыюу салган мыйзамын жокко чыгарышы абзел. Андан кийин жагабы-жакпайбы, сүйлөшүүлөрдү баштоосу керек. Анткени сүйлөшүүгө тыюу салуусу украин бийлигинин эң чоң катасы болгон. Сүйлөшүүлөр жүрбөсө согуш токтобойт. Ал эми Батыш өлкөлөрү түбөлүк жардам бере албайт. Азыр эле АКШнын Конгресси каржылык көмөк көрсөтүү маселесинде экиге бөлүнүп калды. Каржылык колдоо азайып калды, барган сайын дагы азаят. Ошондуктан сүйлөшүүлөр башталышы керек, өзүлөрү каалабаса ортомчулар аркылуу дагы жүргүзүлүшү зарыл. Ал эми ортомчулукту Кыргызстан дагы сунуштап койсо болот. Себеби Армения — Азербайжандагы, Тажикастандагы жарандык согуштагы чырды чечүүгө катышкан, тажрыйба бар", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал АКШда мерчемделген шайлоо дагы көп нерсени өзгөртүп жибериши ыктымал экендигин кошумчалады.