Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ элчиси АКШнын Украинага берчү кезектеги жардамы тууралуу айтты

Ал Киев бийлигине жөнөтүлүп жаткан жардамдын майнапсыз экенине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Киевге бериле турган жардамдын жаңы пакети менен Штаттар "акыркы украиналыкка чейин согушабыз" деген концепциясына бекем турганын дагы бир ирет тастыктаганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Дипломат эми ага "акча жеткенге чейин (кармашабыз)" деген толуктоо болгонун кошумчалады.
Буга чейин америкалык мамлекеттик катчы Энтони Блинкен АКШ Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам бөлөрүн билдирген.
"Вашингтон Киевге кандуу белек жөнөтүп жатат. Алар акыркы украиналыкка чейин согушабыз" деген концепциясына бекем турганын дагы бир ирет көрсөттү. "Акча жеткенге чейин (кармашабыз)" деген толуктоосу болуптур", — деп билдирди элчи.
Анын айтымында, Вашингтон Россияны согуш талаасында жеңүүгө жасалган аракети "талаага кеткен аракет" экенин түшүнүп турат. Анткен менен "колдогу оюнчук" болуп жаткан бул режимди туңгуюкка түртүп, АКШ миңдеген карапайым украиналыктарды өлүмгө дуушар кылууда.
"АКШнын "түгөнбөгөн" жардамы" камкордугундагылардын тагдырына кайдыгер экенин көрсөтүп берип жатат", — деген Антонов.
Ал Киев бийлигине жөнөтүлүп жаткан жардамдын майнапсыз экенине токтолгон.
"Берилип жаткан жаңы жардам – куралдануу "Жердеги" кырдаалды өзгөртө албайт. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Батыштын куралын колдонуп жасаган террордук кадамдарына чечкиндүү жооптор жасалат. НАТОнун бардык техникалары жоюлуп, ок-дары жок кылынат. Америкалыктарга Россияны стратегиялык жактан жеңүүнү кыялданган долбоорунан баш тартууга мезгил жетти", — деп белгилеген дипломат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Блинкен: Украинаны өнүктүрүү боюнча Вашингтондун "өтө так планы" бар