Новиков, Ташиев, Абдыкадыров. Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Мамлекеттик сыйлык алгандардын арасында ЖК депутаттары: Таалайбек Масабиров, Улугбек Ормонов, Шаирбек Ташиев жана башкалар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бүгүн, 28-декабрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаровдун мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик сыйлыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн берилди.
1 / 3

Бүгүн, 28-декабрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаровдун мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу салтанаты болуп өттү

2 / 3

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди

3 / 3

Мамлекеттик сыйлыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн берилди

Бул ирет III даражадагы Манас ордени менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, коомдук ишмер Бакирдин Субанбеков сыйланды.
Ал эми Данакер ордени Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабировго ыйгарылды.
Даңк ордени менен төмөнкүлөр сыйланды:
Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мурдагы мэри, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү;
Асан Боромбаев — Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кулун-Ата коругунун мамлекеттик директору;
Зинагүл Камбарова — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Н.М. Пржевальский жана К. Карасаев атындагы мемориалдык музей-комплексинин директору;
Марат Какеев — “Бакай Банк” ААК башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары;
Тентимиш Мураталиев — М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучусу;
Салтанат Назаралиева — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы врачынын орун басары;
Артем Новиков — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы;
Улугбек Ормонов — ЖК депутаты.
Достук ордени менен төмөнкүлөр сыйланды:
Василий Шестаков — Эл аралык самбо федерациясынын жана “Самбо” спортун өнүктүрүү боюнча эл аралык коомдук фондунун президенти.
Мамлекеттик сыйлык алгандардын толук тизмесин президенттин сайтынан алсаңыз болот.
Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри болуп дайындалды