Радио

2024-жылы МИК "Үлүштүк курулуш" турак жай каржылоо механизмин ишке киргизет

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын стратегиялык өнүктүрүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов 2024-жылы өлкөнүн бардык аймактарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталарын айтты.
Sputnik
"Менин үйүм — 2021-2026" программасынын алкагында "Үлүштүк курулуш" жаңы турак жай каржылоо механизми Экономика жана коммерция министрлиги менен чогуу иштелип чыгып, кийинки жылы аткарыла баштайт. Бул тууралуу Таалай Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган механизм мигранттар үчүн иштелип чыгып, бирок жарандардын бардык категориясы үчүн да жеткиликтүү болот.
"Өлкө башчысынын тапшырмасы менен "Менин үйүм — 2021-2026" программасынын алкагында "Үлүштүк курулуш" жаңы турак жай каржылоо механизми Экономика жана коммерция министрлиги менен чогуу иштелип чыкты. Кийинки жылы иштей баштайт. Аталган механизм мигранттар үчүн иштелип чыккан, бирок жарандардын бардык категориясы үчүн да жеткиликтүү болот. Үй сатып алуучулар баштапкы төлөмдү чогултуп, калган бөлүгүн бөлүп төлөөгө ыңгайлуу шарттар каралууда. Бул эреже кыска мөөнөттө калкты турак үй менен камсыз кылууга жол ачат. 2024-жылы өлкөнүн бардык аймактарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталып, жер бөлүштүрүү жана курулуштун долбоору иштелип чыгууда. Бул үчүн республикалык бюджеттен жана чет элдик донорлордон келип түшкөн каражаттар сарпталат", — деди Оморов.
Ошондой эле адис ипотекалык үй сатып алууну каалаган жаран МИКтин сайты аркылуу жеке кабинетин ачып, бардык процессти электрондук түрдө тапшырып көзөмөлгө ала аларын кошумчалады.