"Рекорддор фабрикасы": "Медео" тууралуу архивдик видео

Легендарлуу "Медео" муз тебүү комплекси — бийик тоодогу ачык стадион.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 51 жыл мурда ушул күнү Казак ССРинин борбору Алма-Ата шаарынын жогору жагындагы тоолордо "рекорддор фабрикасы" ачылган.
Легендарлуу "Медео" муз тебүү комплекси — бийик тоодогу ачык стадион. Аянты 10 500 чарчы чакырым, деңиз деңгээлинен 1 691 метр бийиктикте орун алган.
Анын алдына муздатуучу 170 чакырым түтүк орнотулган. Бул эбегейсиз муз талаасын сегиз ай бою эритпей кармайт, ал эми коньки жолдору жыл бою турат.
20 жыл ичинде уникалдуу "Медео" музунда коньки чеберлери 200гө чукул дүйнөлүк рекорддорду жаратышкан.
77 жыл мурун куралган "Москвич". Таанылгыс болуп өзгөргөн автоунаанын "тарыхы"