БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жетекчисинин орун басары Р.К.Б. кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматта комитет мамлекеттин балансында турган мүлктү ижарага берүү боюнча узак мөөнөттүү мыйзамсыз келишимдердин түзүлгөн учурун аныктаганы айтылат.
"Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жетекчисинин орун басары Р.К.Б. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган кылмышка тиешеси бар тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө", — дешти комитеттен.