Мамлекеттердин көбү Россия менен бирге экендигин айтышууда. Лавровдун маегинен

Өлкөлөрдүн көбү Россия менен бирге экендигин айтып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Өлкөлөрдүн көбү Россия менен бирге экендигин билдирип жатышат. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров РИА Новости менен "Россия 24" телеканалына маек берип жатып белгиледи.
Анын айтымында, мамлекеттердин басымдуу бөлүгү көп полярдуу дүйнөнү орнотуунун узакка созулган процесси башталганын түшүнүп жатат.
"Бизге "иш менен жардам беребиз, бирок кээде сөз менен актанып коюуга аргасыз болобуз" деп айтып жаткандар бар. Бул олуттуу тенденция", — деди ТИМ башчысы Лавров.
Буга чейин ал Батыштын "аракетинен" улам Россия узап бараткан жылда бир топ бекемделип, күч топтоп алганын билдирген.
Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун интервьюсу. Видео