Лавров ЕБдин кубантпаган келечеги, АКШны эсине келтирчү жагдай тууралуу айтты

Министр олуттуу ички чайпалуу гана Кошмо Штаттардын асмандаган сезимин басарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров ЖМКларга берген маегинде ЕБдин кубантпаган келечеги, Американын асмандап кетишинен жерге эмне түшүрөрү боюнча пикирин айткан.
Европалык биримдик жаатында кеп кылып жатып министр жакшы божомолдорго караганда терс маанайдагылары басымдуулук кыларын белгилеген.
"Көз кубантып жиберген келечегин, сөздүн жакшы маанисинде алганда деле Евробиримдиктин гүлдөп кеткен кийинкисин көрбөй турам", — деген Лавров.
Россия ТИМ башчысы АКШ жаатында узатылган соболго да жооп берип, Кошмо Штаттардын асмандаган сезимин олуттуу ички чайпалуу гана басарын белгилеген.
"Американы кандайдыр бир ички, олуттуу көйгөйү гана эсине келтирет. Азырынча бул нерсеси ашып-ташып турат", — деген тышкы саясат боюнча ведомствонун жетекчиси.
Министр бул "демократиялык администрациянын аракеттеринен, өз Конституциясын бузуу менен бүткүл дүйнөнү эле эмес, өзүнүн өлкөсүн каратып алууга жасалган умтулуусунда өзгөчө байкалганын" айтты.
Эске салсак, Лавров бүгүн РИА Новости менен "Россия 24" телеканалына маек курган.
Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун интервьюсу. Видео