Радио

Мамбетмусаева: эстелик коюу боюнча алдыдагы алты жылга долбоор сунушталууда

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Мамбетмусаева өлкөдө маданий мурас катары орнотулуучу эстеликтерди бирдиктүү тартипке келтирүү максатында долбоор иштелип чыкканын айтты.
Sputnik
Акыркы жылдары эстелик коюу башаламан тартипте жүрүп келет. Аны иретке келтирүү максатында токтом долбоору сунушталууда. Бул тууралуу Салтанат Мамбетмусаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эстелик орнотуу да искусствонун бир түрү болгондуктан коюлуп жаткан жерине айкалышы көз жаздымда калбаш керек.
"Эстелик орнотуу — бул роман, музыка жазуу сыяктуу эле чыгармачыл адамдар миң толгонуп иштеп чыкчу искусствонун түрү. Ал өзү кооз болгондон сырткары да коюлуп жаткан жериндеги архитектурага шайкеш келиши шарт. Эстелик орнотууда шаар куруу маданияты сакталышы абзел. Тилекке каршы, соңку жылдары мындай талап сакталбай келет. Республиканын кайсы жерине барбаңыз, ачуу айтканда көрүстөн үстүндөгү эстеликтерден айырмасы жок айкелдер көбөйдү. Ал тегерегиндеги имараттарга шайкеш келүүдөбү, архитектуралык талаптар сакталып жатабы, аны орнотууда жер кыртышы эске алынып тиешелүү материалдардан жасалдыбы деген суроолор жоопсуз калып келет. Мына ушул башаламандыкты ооздуктоо максатында биздин министрлик 2024-2030-жылдар аралыгында тургузулуучу эстеликтердин бирдиктүү эреже, талабын камтыган токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Аталган долбоорго жергиликтүү бийлик жана башка бардык тиешелүү тараптардын сунуштары да камтылды. Алдыда коомдук талкууда айтыла турган сунуш, пикирлер да эске алынат", — деди Мамбетмусаева.
Ал бул чечим кабыл алынып калса республикада эле эмес, чет мамлекеттерде коюлуучу эстеликтер да ушул токтомдо көрсөтүлгөн эрежелер менен иштелип чыгарын кошумчалады.