УКМК: Бишкектеги 120 күрөөкана үстөк пайыздарын төмөндөтөт

Буга чейин кээ бир күрөөканалар очойгон үстөк пайыз (200%дан ашык) менен карыз берип жүргөнү аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкектеги 120 күрөөкананын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43%га чейин төмөндөтүү милдетин алышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат башка мамлекеттик органдар менен биргеликте калаадагы 120 күрөөканага текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада кээ бир күрөөканалар очойгон үстөк пайыз (200%дан ашык) менен карыз берип, коюлган автоунааларды кожоюнуна айтпастан колдонуу фактылары аныкталган.
"120 күрөөкананын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43%га төмөндөтүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.
Эртең, 29-декабрда, Экономика министрлигине бардык күрөөканалардын жетекчилери чакырылып, иштөөнүн жаңы эрежелери тууралуу маалымат берилет.
Буга чейин Чүй облусундагы күрөөкана ээлери элге акчаны 20 пайыздан ашырбай бере турганы кабарланган.
Элди тоноп жатышат. Ташиев жогорку пайыз менен акча берген күрөөканаларды атады