Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Россия бир жылда бир топ бекемделип, күч топтоду

Министр Батыштын РФ элинин ынтымагы ыдырайт деген жаңылыш пикирде болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Россия узап бара жаткан 2023-жылы Батыш чыгарган гибриддик согушка каршы туруу менен бир топ күч топтоп, ал эми эли ийиндеше бирикти. Бул туурасында РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров РИА Новости менен "Россия 24" телеканалына маек берип жатып айтты.
"Жамааттык Батыштын Россияга каршы ушул гибриддик согушунун натыйжасында Россия бул жылы кыйла бекемделди жана биздин элдин ынтымагы, биримдиги бир топ өстү", — деген Лавров.
Министр Батыш РФ элдеринин, коомдун ынтымагы ыдырайт деген ишенимде болгондугун, атайын операцияга каршы чыгып, алар "элдин, мамлекеттин (Россиянын – ред.) биригишине жетишкенин" белгиледи.
Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун интервьюсу. Видео