Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри болуп дайындалды

Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 25-декабрда кызматынан бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп дайындалды.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Жогорку Кеңеш Төрөбаевдин бул кызматка келишине макулдугун берген.
Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 25-декабрда кызматтан бошотулган.
Төрөбаев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Эми эки кызматты аркаламай болду.
Өкмөт өзү туулган жерде айыл өкмөт башчысы болууга уруксат берүүнү сунуштады