Бишкекте жол кире 15-январдан тарта көтөрүлмөй болду

Жол акысын көтөрүү боюнча токтом долбоорун бүгүн шаардык кеңеш кабыл алып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 2024-жылдын 15-январынан тарта көтөрүлөт. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.
Эскерте кетсек, жол акыны көтөрүү боюнча токтом долбоорун шаардык кеңеш бүгүн кабыл алып берди.
Документке ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай 20 сом, накталай эмес ("Тулпар" картасы менен) 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин (Megapay) колдонуу менен 11 сом болот.
Эскертүү! Бишкектин чок ортосунда кыймыл 30-декабрдан 1-январга чейин чектелет