Төө-Ашууда катуу бурганак болуп, жол жакшы көрүнбөйт жатат. Видео

Автоинспекция айдоочуларды ылдамдыкты азайтып, алдыдагы автоунаа менен болгон аралыкты сактоого чакырууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бурганактан улам Төө-Ашууда жол көрүнбөй каттамды кыйындатып жатат. Бул туурасында Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
"Айрыкча ашуулар аркылуу алыскы аймактарга каттаган айдоочуларга дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга, кошумча чырмоочу чынжырларды алып, техникалык жактан тың автоунаалар менен гана жолго чыгууга чакырабыз", — дешти алар.
Алар Бишкек — Ош жолундагы "Сосновка" пунктунан оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө чектөө коюлганын билдиришкен. Бирок Транспорт министрлиги анын алып салынгандыгын айтты.
КР куткаруучулары Казакстанда карда калган унааларды сүйрөп чыгарууда. Видео