Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн бейформал жолугушуусунда. Сүрөт

Путин мамлекет башчылары анын чакыруусун кабыл алып, Санкт-Петербургга Жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкени үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

26-декабрда Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу өттү

2 / 4

Саммитке КР президенти Садыр Жапаров да катышты

3 / 4

КМШ лидеринин бейформал жолугушуусу "Павловск" музейинде, башталды

4 / 4

Россиянын президенти саммитте Владимир Путин куттуктоо сөзүн айтып, мамлекет башчыларына Санкт-Петербургга Жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкенине ыраазычылык билдирди

Иш-чара "Павловск" музейинде, анын аймагындагы коруктун белгилүү сарай-сейил бак комплекстерин кыдыруу менен башталып, лидерлер "Царское село" жана “Петергофто” болушкан.
Россиянын президенти саммитте Владимир Путин куттуктоо сөзүн айтып, мамлекет башчыларына Санкт-Петербургга Жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкенине ыраазычылык билдирген.
Путин КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда улуттук валюта менен эсептешүүнү кеңейтүүгө токтолду