РФ ТИМи Еревандын ЕАЭБ төрагалыгынын алкагында иштөө ниетин колдоду

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Москва Еревандын 2024-жылы Армениянын ЕАЭБге төрагалык кылуу алкагында жемиштүү иштөөгө белсенип турган ниетин колдойт. Бул туурасында РФ ТИМ өкүлү Мария Захарованын айтканын РИА Новости жазды.
"Армениялык өнөктөштөр менен ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттер сыяктуу эле бирдей конструктивдүү, саясатташпаган диалог курабыз. Январдын биринчи күнүнөн тарта союздун органдарындагы төрагалык, сиздер белгилегендей, Арменияга өтөт. Бул өлкөнүн премьер-министри 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңеште сүйлөп жатып, Еревандын ЕАЭБ алкагындагы орто жана узак мөөнөткө каралган тапшырмаларды системалуу ишке ашырууну айтты. Өнөктөштөрүбүздүн мындай ниетин колдойбуз. Дал ушундай умтулуу мындан аркы жемиштүү кызматташуу жана евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, бекемдөө максатында болмокчу", — деген Захарова.
Эскерте кетсек, ЕАЭБ лидерлеринин Санкт-Петербургда өткөн саммитинде уюмдагы төрагалык милдет Россиядан Арменияга өткөн.
ЕАЭБ экономикасын өнүктүрүү боюнча декларацияда камтылган 6 багыт. Чоо-жайы