Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Куралдаштарына граната ыргытып алган украиналык аскердин видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Интернет айдыңына украиналык аскердин өз майдандаштарынын бут алдына кокустан граната ыргытып алган видеосу тарады.
Окуянын кандай болгонун көрсөткөн дрон менен тартылган видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Анын кармаш учурунда болгону айтылды. Маалыматта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн камалоочу аскерлеринин чабуулун куралдашынын олдоксон кадамы үзгүлтүккө учуратканы баяндалган.
Жоокер каршылаштарга ыргытам деген граната алыс кетпей, өзүнөн анча алыс эмес жерде топтолуп отурган башка майдандаштарынын жанына түшүп жарылган. Алгач өзү да, башкалар да баштарын жаап жерге жата калышкан. Андан кийин жарадар болгон аскерлер жабыла качкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын жолдо бараткан аскер унаасына таамай тийген камикадзе дрон. Видео