"Аскер курулуш" ишканасынын кызмат адамдары камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура мамлекетке 3 миллион 362 миң сом зыян келтирди деген шек менен "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын директору С.Дж., аталган ишкананын куруучусу Т.А. жана башкы энергетиги Н.Н. камакка алынганын билдирди.
"Коргоо министрлигинин жана "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп, Кочкор райондук аскер комиссариатынын эски имаратын демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштердин наркын жогорулатып көрсөтүшкөн. Анын айынан мамлекетке 3 миллион 362 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген", — деп айтылган прокуратуранын маалыматында.
Аталган факт боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш ишин козгогон.
200 миң доллар пара: Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси эки айга камалды