Башкы прокурор депутат Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап, ЖК комиссия түздү

Эл өкүлү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Башкы прокурор депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен макулдук сурады.
Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча айыпталууда. Курманкул Зулушевдин киргизген сунушун төрага Нурланбек Шакиев окуду.
Мындан улам Жогорку Кеңеш эл өкүлүнүн ишинде кылмыштуулук бар-жогун иликтөө үчүн комиссия түзүп, курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирди.
Комиссияга киргендер:
Данияр Төлөнов — "Мекенчил" тобу;
Элдар Сулайманов — "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы;
Бахридин Шабазов — "Ишеним" фракциясы;
Кубанычбек Самаков — "Элдик" топ;
Алишер Эрбаев — "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы;
Бакыт Тентишев — "Ынтымак" фракциясы;
Азамат Исираилов — "Альянс" фракциясы;
Султанбай Айжигитов — "Ыйман нуру" фракциясы.
Эске салсак, 2020-жылы Жамгырчиев учурда жоюлуп кеткен Финансы полициясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ошол кезде Жамгырчиев менен Калмуратовду коррупцияга шектеп УКМК кармап кеткен. Кийин алар бюджетке 20 миллион сом которуп, сот актаган. 2023-жылдын январь айында Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Жогорку сот эки фигуранттын тең акталган чечимин жокко чыгарып, ишти биринчи инстанцияга жөнөттү. Бирок сот отуруму ар кандай себептерден улам жылдырылып келген.
Жакында эле Жамгырчиевдин иши сотто кайрадан каралмай болгон.
Тыюу салуунун да чеги болуш керек. Шакиев менен Талиева кайым айтышты. Видео