Радио

Ибраев: ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен жигердүү кызматташууда

Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн алакасы тууралуу айтып берди.
Sputnik
ЕАЭБ Иран, Кытай, Жакынкы Чыгыш жана башка үчүнчү өлкөлөр менен жигердүү кызматташууда. Бул тууралуу Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уюмдун үчүнчү өлкөлөр менен алакасынын жакшыруусу кошумча экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
"ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде соода-сатык, айыл чарба, инвестиция, өндүрүш жана башка багыттар боюнча көрсөткүчтөр жакшы. Мындан дагы жакшы натыйжага жетүү үчүн ар кандай экономикалык форумдар, кеңештер, жыйындар уюштурулууда. Жакында БРИКС+Жакынкы Чыгыш деген эл аралык форум өттү. Анда ишкерлер кызматташууну талкуулоо максатында Иранга, Араб эмирлигине чакырылган. Анда Бендер-Аббас портуна чыгуу, соода-сатык жүргүзүү, инвестициялык потенциалдар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ирандын Бендер-Аббас порту аркылуу Перс булуңуна чыгуу жакшы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан тышкары, уюмдун Кытай, Өзбекстан менен дагы кызматташуусу өнүгүүдө. Ал үчүн тийиштүү келишимдер түзүлүп, Кыргызстан андан тиешелүү пайдасын алып жатканын статистикалардан көрүнүүдө. "Кытай — дүйнөнүн фабрикасы" деп айтылып келет. Ошондуктан анын технологияларын, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга шарттар түзүлүүдө", — деди Ибраев.
Ошондой эле ал ЕАЭБ үчүн глобалдуу түштүккө кирген өлкөлөр менен кызматташууга жол ачылып жатканын кошумчалады.